• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Газа секторунан эки кыргызстандык эвакуацияланды

26 Жетинин айы 2023 10:01 Бишкек Govori.TV

Газа секторунан эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, ошондой эле Газа секторунда (Палестина) туруксуз абалга байланыштуу КР ТИМинин, КРнын Сауд Аравия Падышачылыгындагы элчилигинин, Россиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракенин натыйжасында 24-ноябрда Газа секторунан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы аркылуу Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, РФ өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуациялык каттам менен Москвага келгенде аларды КРнын Москва шаарындагы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышып, мейманканага жайгаштырышкан.

КР Тышкы иштер министрлиги Газа секторунан кетүүнү каалаган КР жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди мындан ары дагы улантат.

Количество просмотров: 77