Чүйдүн Новопокровка айылында газоблок чыгарган заводдо жарылуу болуп, 34 жана 61 жаштагы эки адам каза болду.
Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, цемент ташуучу цистерна жарылып кеткен.
21-октябрда Instagram баракчалардын биринде Ысык-Ата районунда болгон делген жарылуунун видеосу чыккан.
Териштирүүдө 10-октябрда Ысык-Ата райондук милициясына Новопокровка айылындагы газоблок чыгарган анча чоң эмес заводдо цемент цистернасы жарылып, эки адам каза болгону тууралуу маалымат түшкөнү аныкталган.
Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.