«Бишкектеги феминисттик демилгелер» коомдук уюму бүгүн, 12-декабрда гендердик теңсиздик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы «Жетишет» деп аталган жөө жүрүшкө чыкты.
Колдоруна «Зордук-зомбулукка көз жумууну токтот!», «Зомбулукту жоюуга салымыңды кош» деген чакырыктар жазылган плакаттарды кармаган активисттер темир жол бекетинен Курманжан датканын Эркиндик бульварындагы эстелигине чейин басып барышты. Эстеликтин жанында бир сааттай митинг болду. Иш-чарага катышкандардын басымдуу бөлүгү — кыз-келиндер. Алар хор менен:
«Аял болсоң күнөөлүү,
Өкүмүңдү билсең да,
Адилеттүү сот жок!» деп ырдашты.
Иш-чара адам укугун коргоого багытталган 16 күндүк акциянын алкагында, аялдарга карата адилетсиз сот чечимдерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлдү.