• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Гендердик зомбулукту токтотуу боюнча Борбор Азия альянсы ишке кирди

27 Кулжа 202322:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июнда Казакстандын Алматы шаарында Борбордук Азиядагы Гендердик зомбулукту токтотуу боюнча альянсы Европа Биримдигинин колдоосу менен БУУнун “Жарык нуру” демилгесинин Борбордук Азия жана Ооганстан боюнча Регионалдык программасынын алкагында расмий түрдө ишке кирди.

Бул инновациялык демилге гендердик зомбулукка каршы күрөшүү, ошол эле учурда гендердик теңчилик боюнча Туруктуу өнүгүүнүн 5-максатын (ЦУР 5) ишке ашырууга багытталган. Альянс гендердик теңчиликти илгерилетүү, жарандык коомду чыңдоо жана аймактагы гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жоюу үчүн билим жана тажрыйба алмашуу платформасын түзүүнү көздөйт. Иш-чарага Евробиримдиктин, БУУнун, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, дипломатиялык корпустун, жарандык коом уюмдарынын, ЖМКлардын жана жаштар бирикмелеринен турган 70тен ашык өкүл чогулду.

Гендердик зомбулук дүйнө жүзү боюнча аялдардын жана кыздардын жыргалчылыгына жана укуктарына коркунуч туудурат.

БУУнун маалыматы боюнча, Борбор Азиядагы ар бир үчүнчү аял жана кыз жашоосунун кайсы бир мезгилинде зордук-зомбулукка кабылган. Альянстын түпкү максаты — Борбордук Азиянын беш өлкөсүндөгү 35 миллионго жакын аялдардын жана кыздардын жашоосуна пайда алып келе турган гендердик зомбулукту жокко тете кылуу.

Жыйында сөз сүйлөгөн Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси Кестутис Янкаускас: «Борбор Азиядагы элдер өздөрүнүн каада-салттары менен сыймыктанышат жана аялдарга карата зордук-зомбулук эч качан алардын бир бөлүгү болгон эмес. Мунун негизинде Европа Биримдиги, Борбор Азия өлкөлөрү жана БУУнун өнөктөштөрү аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча биргелешип иш алып барууда. Биз «Spotlight» (жарык нуру) демилгеси аркылуу күчтөрдү бириктирип, сексуалдык жана гендердик зомбулукту токтотуу үчүн Борбордук Азия альянсын түзүп жатабыз, бул баарыбызга заманбап жана адилеттүү коомго карай кадам таштоого жардам берет», -деп билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аткарган иштери тууралуу маалымат бөлүшүп, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө туш болгон көйгөйлөрдү талкуулашты.

2020-жылы ишке киргизилгенден бери Программа олуттуу прогресске жетишти, анын ичинде сексуалдык жана гендердик зомбулукка көп секторлуу реакцияга саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө жана полиция секторлорун тартуу боюнча аймактык изилдөөлөрдү жүргүзүлдү.

«Spotlight» демилгесинин Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн аймактык программасы аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун ар кандай формаларына жана зыяндуу практикага каршы күрөшүү боюнча 25тен ашык өлкөдө жана 6 аймакта Европа Биримдиги тарабынан каржыланган глобалдык демилгенин бир бөлүгү болуп саналат. Демилге БУУнун Казакстандагы Туруктуу координаторунун кеңсеси тарабынан координацияланат жана аны ишке ашыруу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана БУУнун Аялдар уюму аркылуу ишке ашырылат.

Количество просмотров: 152