Мындай чечим коронавирустун жайылуусунан сактануу гана эмес, Германиянын дүкөндөрүндөгү азык-түлүктү чет элдиктер массалык түрдө сатып кетүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынды.
Бул тууралуу Bild басылмасы өз булактарына таянып, жазды. Ага ылайык, мындай чечим канцлер Ангела Меркелдин ички иштер министри, Бавариянын, Бален-Вюртембергдин жана Саардын премьер-министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө кабыл алынган.
Чечим 16-мартта, саат 8:00ден тартып ишке кирет. Өлкөгө жүк ташуучу унаалар жана Германияда иштеген жарандар гана киргизилет.
Айрым маалыматтарга караганда, азык-түлүк таңсыктыгы тууралуу дүрбөлөңдөн улам, чек аралардагы дүкөндөрдүн текчелери бош калган учурлар катталган.