• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Германия Кыргызстанда оорукана курат

17 Чын куран 201918:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германия Федеративдүү Республикасына расмий визитинин алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, финансы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлду. 


Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жалпы су ммасы 21 млн еврону түзгөн 3 макулдашууга кол койду. 


«Кол коюлган макулдашууга ылайык 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, 6 млн евро каражатка Таласта перинаталдык оорукана курулат. Ошондой эле кошумча 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына бөлүндү», — деп белгиледи Бактыгүл Жеенбаева. 


Министр баса белгилегендей, Германия бул каражаттарды грант катары бөлдү.

Количество просмотров: 14