• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026
16 July 2021, North Rhine-Westphalia, Kirchheim: A police car stands in the city centre to prevent looting. Heavy rains during the night caused mudslides and flooding. Photo: Jonas Guttler/dpa (Photo by Jonas Guttler/picture alliance via Getty Images)

Германияда суу ташкынынан кийин 1,3 миңге жакын адам дайынсыз болууда

16 Теке 202111:16 Бишкек Govori.TV

Германиянын батышындагы Арвайлер районундагы суу ташкынынан кийин 1,3 миңге жакын адам дайынсыз деп эсептелинип жатат, убактылуу баш калкалоочу жайларга 3,5 миң адам жайгашкан. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен Deutsche Welle билдирет.

Аталган райондо байланыш жок болгондуктан бийлик дайынсыз болуп жаткандар өздөрүнүн жүргөн жери тууралуу маалымат бере албай атат деп үмүттөнүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча тынымсыз жааган жаандан жана суу ташкынынан улам Батыш Германияда кеминде 58 адам каза болгонун Интерфакс жазып чыкты.

Өлкөнүн энергетикалык компаниясынын маалыматы боюнча, Батыш Германияда азыркы учурда 165 миңге жакын адам электр энергиясыз калган.

Количество просмотров: 96