• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ГЭС-3 суу сактагычынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

16 Кулжа 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Аламүдүн айылында жайгашкан ГЭС-3 суу сактагычынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 07:00дөр чамасында ГЭС-3 суу сактагычында болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн.

Жеринде үч куткаруучу сөөктү суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 128