• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Гимндин 5 мыкты долбооруна акчалай сыйлык берилет

7 Бирдин айы 202515:28 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын жаңы гимнин жазууга сынак башталганын жарыялап, 5 мыкты чыгармага акчалай сыйлык каралганын билдирди.

Маалыматка ылайык, мыкты долбоорлорго 250 миң сомдон 1 млн 500 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

Жеңүүчүлөргө бериле турган сыйлык:

  • I орун – 1 500 000 сом;
  • II орун – 1 000 000 сом;
  • III орун – 500 000 сом;
  • IV жана V орундар үчүн атайын сыйлыктар – 250 000 сом.

Количество просмотров: 383