• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы: «Биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес»

28 Үчтүн айы 202611:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч вариант тең начар экенин жана алар парламенттин жалпы жыйынына чыгарылбай эле четке кагылганын айтты.

Спикер Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин сунушталган үч ырды четке каккан чечими күчүндө калганын билдирди.

“Биз комитеттин мүчөлөрү менен бирге сунушталган гимндин текстин окуп, музыкасын уктук. Тилекке каршы, биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес. Андыктан муну комитеттин эле кароосунда артка кайтаруу чечимин кабыл алдык.

Гимнди жазуу боюнча кийинки сынакка катыша тургандарга айтат элем, бардыгы марш түрүндө жазылган. Маршты бардыгы ырдай албайт. Ошон үчүн эркин болушу керек. Жанагы «Кыргыз жерине», «Мекеним мейкинге» окшогон. Советтик түзүлүштөгү марш түзүлүшүнөн кетишибиз керек. Өзүңөрдү убара кылбай эркин жазсаңыздар. Мамлекеттик же саясий иш-чараларда гана эмес жарандар ар кандай мааракелерде, тойлордо дагы ырдай тургандай гимн болушу керек. Максатыбыз ошол, ошондуктан четке кактык. Сөзсүз сынак уланат. Кыргызстандын бардык жарандары катышууга толук акысы бар. Ал үчүн атайын байгелерди дагы президент менен чечип койгонбуз», — деди төрага.

Количество просмотров: 135