• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Гимндин жаңы текстинин 5 варианты тандалып алынды

26 Теке 202512:48 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Бишкекте мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун төрөгалыгында Мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 4-отуруму өттү. Бул тууралуу мамлекеттик катчы социалдык тармакка жазды.

Ал белгилегендей, сынакка 16-июндан 17-июлга чейин жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу 79 жарандан 132 долбоор келип түшкөн.

Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй, атайын шифрлер менен белгиленип комиссиянын кароосуна коюлду.

Комиссия жобого ылайык, сынактын 1-этабынын критерийлеринин негизинде эң жогорку упай алган 5 тексттин долбоорун тандап алды.

Тандалып алынган 5 мыкты долбоорго музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланат.

Количество просмотров: 1250