• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Глобалдык фонддун кургак учук, ВИЧ менен күрөшүүгө каражат бөлөрү белгисиз. Депутаттардын пикири

20 Аяк оона 2023 15:03 Бишкек Govori.TV

СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонду май айында Кыргызстандын алдыдагы үч жылга эсептелинген 27,8 миллион доллардык гранттык буйрутмасын кабыл алганы белгилүү болгон.

Бирок кечээ жакында аталган фонд Кыргызстан боюнча 27, 8 млн долларлык каржылоону кыргызстандык чиновниктердин айынан токтоткону жатканы маалымдалды. Бул тууралуу медицина боюнча көз карандысыз эксперт Айбар Султангазиев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Бул каражаттын жарымы дары-дармекке туруктуу кургак учук оорусуна жумшалмак. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстан бул грантты алар-албасы белгисиз бойдон калууда. Депутаттар эмне дейт?

Количество просмотров: 202