• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарынга каттай баштайт

5 Баш оона 20248:22 Бишкек Govori.TV

8-августтан тарта GoBus кичи автобустары Бишкек-Нарын багытында каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, GoBus Бишкектен Ибраимов/М.Фрунзе көчөсүндө саат 08:00дө чыгат. Ал эми Нарын шаарынын борбордук аянтынан саат 10:00дө чыгат. Жолдун убактысы 4,5 саатты түзөт. Билет баасы 500 сом.

Учурда GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же «Манас» аэропортуна билет сатып алууга болот.

Количество просмотров: 190