• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Гонконгдун парламентинде депутаттар чырлаша кетишти

18 Бугу 2020 17:27 Бишкек Govori.TV

18-майда Гонконгдун парламентинде депутаттар чырлаша кетишти. Демократиялык реформаларды жактаган депутаттар менен Кытайдын борбордук бийлигине ыктаган өкмөттү колдогон депутаттардын ортосунда башталган кайым айтышуу жакалашууга чейин жетти.

Тараптар талаштуу мыйзамдарды караган комитет жетекчисин шайлоодо бир пикирге келе алышкан эмес. Мушташтан кийин оппозициячыл депутаттар күч менен сыртка чыгарылып, комитет жетекчилигине Бээжиндин таламын талашкан мыйзам чыгаруучу шайланды.

Гонконгдо былтыр жайдан тартып ушул жылдын башында коронавирус эпидемиясы күч алганга чейин бийликке каршы демонстрациялар токтобой келди. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын тынымсыз көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон эмес.

Былтыр ноябрь айында Гонконгдун 18 райондук кеңешинде шайлоо өтүп, анда демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү 452 орундун 396сын, тактап айтканда дээрлик 90% жеңип алышкан.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

Количество просмотров: 109