• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

GOVORI.TV “Кыйын” долбоорунун алкагында 7 дубандан келген айымдарга колдоо көрсөттү

14 Жалган куран 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

12-марттан 14-мартка чейин “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген алдыңкы айымдар катышты.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, «Аверс» юридикалык компаниясынын жетекчиси Таалайкүл Токтакунова ошондой эле гендерный эксперт Римма Султанова, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Улзийсурен Жамсран, «Курак» аял ишкерлердин форуму» коомдук фондусунун төрайымы Айжан Чыныбаева, маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрдү.

7 дубандан келген айымдарга маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилди.

Эң башкысы 3 күндүк тренингдин соңунда 17 айымдын ар бири «Айымдар эмне үчүн саясатка аттанат?», «Ааламдашуу заманында ата-эне менен мектептин орду», «Келин менен кайнене мамилесинин маданияты», Феминизм региондо да барбы? деген сыяктуу коомдогу актуалдуу темаларды көтөрүп чыгып, “Кыйын” телевизиондук ток-шоусуна тартылышты.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар берилди. Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулду.

Количество просмотров: 101