• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

GOVORI.TV “Кыйын” долбоорунун алкагында 7 дубандын айымдарына он-лайн тренинг өткөрүүдө

19 Теке 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Тренингди 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, “Аверс” юридикалык компаниясынын жетекчиси Таалайкүл Токтакунова ошондой эле гендерный эксперт Римма Султанова, маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрөт.

Ал эми  ZOOM конференциясын уюштурууга Internews Kyrgyzstan техникалык колдоо көрсөтөт.

Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 422