• Шаршемби 20 Тогуздун айы 2021

GOVORI.TVда айымдардын лидерлик потенциалын жогорулатуу тренинги башталды

7 октября 2021 в 12:32 Бишкек Govori.TV

7-8-9-октябрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет. Тренингди мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, “Аверс” юридикалык компаниясынын жетекчиси Таалайкүл Токтакунова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү маркетолог Ормон Амангелдиев жана Данияр Абдыбековдор өткөрүп жатат.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулууда.

Количество просмотров: 97