Бүгүн, 27-июлда, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, 1-август күнү саат 8:00дө Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм) күрөшөт. 2-августта Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков беттешет. Ал эми 3-августта 87 килограмм салмак категориясында Атабек Азизбеков килемге чыгат.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданы башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев менен ага-машыктыруучусу Улукбек Карачолоков жетектеп кетти. Балбандарды «Манас» эл аралык аэропортунан Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлдөрү, күрөш федерациясынын башчылары жана күйөрмандар узатышты.