• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Грецияда поезд кырсыгынан кийин темир жолчулар иш таштады

3 Жалган куран 2023 16:20 Бишкек Govori.TV

Грецияда темир жол кызматкерлери тармактагы коопсуздук системасынын эскиргенине жана ондогон жүргүнчүнүн каза болгонуна байланыштуу бир күнгө иш ташташты.

Акыркы маалыматтар боюнча 1-марттагы темир жол кырсыгында каза болгондордун саны 60ка жакындады. Анда 350 жүргүнчүсү менен Афинадан Салоники шаарына бараткан поезд бет маңдай келаткан жүк поезди менен кагылышкан.

Темир жолчулардын кесиптик кошуунунун мүчөлөрү тармактагы коопсуздук системасы тиешелүү деңгээлде иштебегенин, бул жөнүндө алар өкмөткө бир нече жолу эскертүү беришкенин билдирүүдө.

«Би-Би-Синин» маалыматына караганда, Грециянын бир нече шаарында нааразылык акциялар өтүп, өлкөнүн темир жолдорун тейлеген Hellenic Train компаниясынын Афинадагы кеңсесинин алдында полиция менен кагылышуулар болду.

Темир жол кырсыгына байланыштуу Грецияда үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Шаршемби күнү өлкөнүн транспорт министри кызматтан кеткен.

Кырсыкка учураган поезддеги 350 жүргүнчүнүн көбү узакка созулган каникулдан кийин Салоники шаарына кайтып бараткан студенттер болгон.

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис кырсыкка адам фактору себеп болушу мүмкүн экенин айтып, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирди.

Количество просмотров: 105