• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Грецияда поезд кырсыктап, 32 киши каза болду

1 Жалган куран 2023 18:30 Бишкек Govori.TV

Грецияда жогорку ылдамдыкта бараткан жүргүнчү ташыган поезд менен жүк поездинин бетме-бет сүзүшүүсүнөн 32 киши каза болуп, бери дегенде эле дагы 85 адам жаракат алды.

Кырсык Лариса шаарына жакын жерде жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 12ге жакын болгон. 350 жүргүнчүсү менен Афинадан Салоники шаарына бараткан поезд бет маңдай келаткан жүк поезди менен кагылышкан.

Азырынча кырсыктын чоо-жайы аныктала элек. Iefimerida басылмасы карама-каршы багыттарда бараткан эки поезд тең белгисиз себептерден улам бир жолдо болуп калганын жазды.

Авариядан улам жүргүнчү поезддин алгачкы төрт вагону рельстен чыгып кетип, өрт башталган. Жыйынтыгында эки вагон толугу менен өрттөнүп, айрым жүргүнчүлөр күйүк алышкан. 250гө жакын жүргүнчү Салоники шаарына эвакуацияланды.

Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматынын өкүлдөрү иштеп жатат.

Количество просмотров: 79