• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Грузия: Нааразылык акциясында кармалгандардын баары бошотулду

10 Жалган куран 2023 12:17 Бишкек Govori.TV

Грузияда “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамга каршы нааразылык акциясында кармалгандардын баары бошотулду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

«Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске ылайык, кармалгандардын баары боштулду. Кармалгандардын бир бөлүгү сот жообуна тартылса, калгандары абакта кармоо мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда беларус ИИМи соттолгон кишилер жоопкерчиликтен бошотулганын же бошотулбаганын так белгилеген жок. Ведомство полициячыларга күч колдонуу боюнча кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын, шектүүлөр издөөгө алынганын кошумчалады.

Грузияда башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы менен «Элдин күчү» коомдук кыймылы талаш-тартыштуу «Чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кайтарып алганын жарыялаган. Билдирүүдө парламентте биринчи окууда өткөн мыйзам долбоору коомчулукта кайчы пикирлерди жаратканы айтылган.

Тблисиде “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам долбооруна каршы чыккандар 7-8-мартта парламенттин алдында нааразылык акациясын өткөрүшкөн. Жергиликтүү басылмалардын эсебинде ага 40 миңдей киши катышкан. 8-мартта демонстранттар грузин парламентине чабуул койгон. Полиция демонстранттарды кууп таратып, жаш агызган газ колдонуп, суу менен бүркүп аткан. Жалпысынан 133 киши кармалган, канча адам жабыркаганы белгисиз бойдон.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкө жарандарына жасаган кайрылуусунда демонстранттарды колдоп, “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамга вето коёрун билдирген.

“Мен сизге – бүгүн кечинде Руставелиде тургандарга кайрылам. Мен да ал жерде көп жолу тургам. Мен сиздер мененмин, себеби сиздер эркин Грузиянын өкүлүсүңөр. Бул эркин Европага таандык өлкө жана аны эч ким тартып ала албайт. Бул мыйзам эч кимге керек эмес, ал Москванын мажбурлоосу менен жазылган”, — деген ал.

Мыйзам долбоорунда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун «чет элдик агент» деп каттоодон өтүүгө милдеттендирген жобо жазылган. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул каралган.

Количество просмотров: 79