• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай алган жок

19 Тогуздун айы 2023 11:29 Бишкек Govori.TV

18-октябрда бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы жана аны менен санаалаш “Европалык социалисттер” партиясынын 86 депутаты өлкө президенти Саломе Зурабишвилини бийликтен кетирүү үчүн парламентте добуш беришти.

Бул импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү болгон жок.

Мурдараак Грузиянын Конституциялык соту президент өкмөттүн уруксатысыз Брюсселге, Берлинге жана Парижге баруу менен өлкөнүн негизги мыйзамын бузду деген чечим чыгарган.

Президентти отставкага кетирүү үчүн анын оппоненттери 100, башкача айтканда депутаттардын үчтөн экисинин добушун алышы керек болчу. Бирок оппозициялык партиялар, анын ичинде Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылы” жыйынга бойкот жарыялашты. Бир депутат каршы добуш берди.

Парламент мүчөлөрүнүн алдында сөз сүйлөгөн президент Зурабишвили болуп жаткан окуяларды “Грузиянын европалык келечегине импичмент” деп атады. Ал негизги мыйзамды бузбаганын, анткени Конституциянын беренелеринин бири бардык бийликти Грузиянын НАТОго жана ЕБге интеграциясын камсыздоого милдеттендиргенин айтты.

Грузия Евробиримдикке мүчө болуп кирүү арызын былтыр тапшырган.

Жакында Тбилисиге келген европалык дипломатиянын башчысы Жосеп Борель Грузия реформа боюнча он эки сунуштун үчөөнү гана аткарганын эскерткен.

Количество просмотров: 93