• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Грузияда депутаттын жансыз денеси өз үйүнөн табылды

31 Тогуздун айы 20229:16 Бишкек Govori.TV

Грузия парламентиндеги башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын депутаты Ираклий Хахубиянын Тбилисидеги үйүнөн сөөгү табылганы кабарланууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” грузин кызматы жазды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 27-октябрда кабарлагандай, депутаттын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.

Маркумдун жанынан ок атуучу курал табылган. Башкы версия катары өзүнө-өзү кол салышы мүмкүн экени каралууда. Ошол эле маалда киши колдуу болушу мүмкүн деген вариант дагы четке кагылган жок.

Количество просмотров: 111