• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Грузияда «Яндекс.Таксинин» ишмердиги текшерилет

14 Баш оона 2023 16:38 Бишкек Govori.TV

Грузиянын Жеке маалыматтарды коргоо кызматы өлкөдө 2020-жылдан бери иштеп жаткан «Яндекс.Таксинин» маалымат базасынын мыйзамдуулугун териштире баштады.

Бир катар жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен экс-президент Михаил Саакашвилинин «Бирдиктүү улуттук кыймыл» партиясына жакын телеканалдар «Яндекс.Таксиге» каршы өнөктүк башташты.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 1-сентябрдан тарта «Яндекс.Такси» кызматынын бардык өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн маалымат базаларына кире алары айтылган. Бул жөнүндөгү токтомго Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгонун «Медуза» басылмасы жазып чыкан. «Яндекс» кызматы ушул эле басылмага бул Орусиядан башка өлкөлөргө тиешеси жок экенин айтып, маалыматты төгүндөгөн.

Жеке маалыматтарды коргоо кызматы «Яндекс.Go’нун» ишин текшерип чыккандан кийин өкмөткө аталган тиркеменин өлкө аймагында иштөөсүнө тыюу салууну сунушташы мүмкүн. Мекеменин текшерүүсү эки жуманын ичинде аяктайт деп күтүлүүдө.

ФСБ «Яндекс.Таксинин» маалыматтык базаларына кирүүгө мүмкүндүк алары кабарлангандан кийин Финляндиянын өкмөтү «Яндекстин» бул өлкөдө иш алып барган Yango-такси сервисинин кардарларынын маалыматтарын Орусияга берүүгө тыюу салды.

RFI радиосу Финляндиядан кийин Норвегия да Yango сервисинин маалыматтарды Орусияга жөнөтүүсүнө тыюу салганын кабарлады.

Количество просмотров: 66