Кечээ Грузияда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоого жалпы 18 партия катышты. Бирок негизги атаандаштык бийликте турган «Грузин кыялы» партиясы менен негизги оппозициялык күчтөрдү түзгөн 4 партиянын ортосунда жүрдү.
Шайлоо комиссиясы кечээ жалпы шайлоочулардын 50 пайыздан ашууну добуш бергенин билдирди.
Шайлоонун жыйынтыгы менен бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы 50 пайыздан көп добуш алып, парламенттеги 150 депутаттык мандаттын 88ге жакынын өзүнө камсыз кылган. Ал эми калган төрт оппозициялык партиялар биригип 62 мандатка ээ болушаары айкын болду.
Калган партиялар 5 пайыздык босогодон өтө албай калышкан.
Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе бийликтеги партия жеңишке ишенимдүү жеткенин билдирди. Ал эми оппозициялык партиялар бийлик партиясы парламенттеги бир топ мандатынан ажыраганын айтышууда.
Бирок өкмөттүн курамын түзүү үчүн депутаттардын 76 добушу гана талап кылынат.
Грузиянын парламенттик шайлоосу өлкө мындан ары кайсы жолго түшөөрүн аныктай турганы менен маанилүү болуп келген.