• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Грузиядагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 21ге жетти

10 Баш оона 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

Грузиядагы Шови курорттук аймагында 3-августта болгон жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 21ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын жетекчиси Темур Мгебришвилинин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, соңку бир суткада дагы эки адамдын сөөгү табылды. Алардын бири өспүрүм болгон.

12 киши дайынсыз болууда. Табигый кырсык болгон жерде миңдеген куткаруучулар жана аскерлер иштеп жатышат.

Жер көчкү болгон аймактан жүздөгөн адам эвакуацияланган. Көчкү бир катар мейманканаларды жана коттедждерди басып калган.

Количество просмотров: 58