• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунда жер көчкү жүрдү

10 Бештин айы 202410:02 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 4,8-чакырымында жер көчкү түшүп, жолдун аталган бөлүгүн жаап калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 35 миң м3ден ашык.

«Аталган тилкедеги өтмөк убактылуу жабылды. Унаалар «Шаркыратма» ички чарбалык жолу аркылуу айланып өтүүдө. №26 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары аталган жол тилкесин тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 170