• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин ден соолугу начарланганы тууралуу маалымат тарады

15 Жетинин айы 2021 8:43 Бишкек Govori.TV

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин ден соолугу начарлаганын «Немис толкуну» жазып чыкты.

Жеке дарыгери Николоз Кипшидзе Саакашвили алдан тайып, төшөктөн тура албай калганын 13-ноябрда журналисттерге маалымдады. Дарыгер түрмөгө кирип, саясатчынын жанында беш саат отуруп чыккан. Ал Михаил Саакашвили дагы деле ачкачылыгын токтото электигин, бирок дарыларды колдонуп жатканын айткан.

Кийинчерээк Украинанын Жогорку радасынын депутаты, Михаил Саакашвили менен жакшы мамиледе болгон Елизавета Ясько «Фейсбуктагы» баракчасына Саакашвили кармалып турган Глдан түрмөсүнө реанимобиль барганын жазды.

Грузиянын Юстиция министрлиги камактагы Саакашвилиге реанимобиль чакыртылганы тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Министрлик саясатчынын абалы туруктуу экенин, түрмө ооруканасында муктаждык жаралса зарыл чаралар көрүлөрүн маалымдаган.

Количество просмотров: 40