• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу оорулардын алдын алуу эрежелерин эскертти

8 Үчтүн айы 202511:57 Бишкек Govori.TV

КРВИ, сасык тумоо жана сасык тумоого окшош оорулардын жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

-коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

-КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

-жуулбаган колду бетке тийгизбөө;

-дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу);

-КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо;

Оору жуктуруп алган учурда алгач жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз! Үй-бүлөлүк дарыгер зарыл учурда ооруканага жолдойт.

Количество просмотров: 229