• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Гуаша- массажынын жашарткан сырын билгиңиз келеби…

22 Чын куран 201912:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Мен бул массажга бирөөлөрдүн айтуусу  менен бардым. Көпкө чейин, чынын айтайын ишенбегендей эле сезимде жүрдүм. Анткени андай кылам, мындай болосуң деп дары-кремин сумкасына салып алып дарылап ийем дегендерден эмнегедир тажайсың.

Убакыт ушундай тажатмалуу болуп калдыбы билбейм. Анткени, дары сунуш кылган, крем сунуш кылгандарга чалынып эле жүрөсүң. Ошентсе да тажаганыңа карабай, маркетинг дегендердин деле пайдалуусу  бар экен. Аны танган менен болобу.

Лак-Лайф дегендин бут шишигенде колдонулган пластры пайдасын берди. Энвейдин кир жуугуч каражаттары да жакшы экен. Бизди качырган алардын баасы да. Тянь-шинин чайы арыктатуучу каражат экенине ынангам. Кыйла убакыт болду ооруйм. Денем талыкшыйт, баашым ооруйт. Анан табигый  курамдан тамактанууну туура деп  таптым.

Маселен жаңгак, өрүк, куркума, имбир, давления түшүрө турган чөптөрдөн, көк чай дегендей ушуларды ичүүнүн тартибин үйрөнө баштадым. Оорукана дегенде эле жандандыруу  бөлүмүнө кирмей болдум. Айтмакчы  меркетингдердин лекцияларына такай катышып организмим тууралуу түшүнүк алдым. Бул менин  тамак-ашты кантип  ичишим керек, көнүгүүнүн,  массаждын адам баласына табылгыс дары экенин билдим. Ооруканада массаж бар эмеспи. Баруучу сыркоолуулар көппүз. Жаман-жакшы айтышып айтып кезектешип киресиң. Улам эшик жабылып –ачылып атып,  20 мүнөтпү ушундай убакытка кете массаж аласың да чыгып кетесиң. Канаат албаганынды сезип кетесиң. Антпешке айла жок. Ошондой болсо да бир топ женилдеп каласың. Мына ушундай абалда жүргөндө көнүгүү жасоо менен массаждын ден соолукка табылгыс даба экенине маани бердим.

Анынсыңарындай “Ден соолуктун кадырын — ооруган жан билет”, демекчи, массаждын сырын денесин укалатып шыпаа тапкандар гана билет. Массаждын кандай эл биле бербеген дагы сырлары бар. Денени укалатуунун  баары эле массаж болуп эсептеле береби. Бардык  эле массаждар ден соолукка пайдалуубу. Ушул суроолор менен бирге көнүгүүнүн эрежелерин билүү да олуттуу дедим.

     Массаж менен көнүгүүнүн ордун алмаштырса болобу деген толгон токой суроого так жооп алуу үчүн Гуаша деген массаждын адисине кайрылып, адегенде өзүм, жон терим менен көрөйүн дедим.  Мага ким жасаса,  аты-жөнү ким экени анчалык деле кызык эмес. Эшигин көрүп төрүнө өт демекчи массаж жүргүзүүчү каналга баш бакканымда эмнегедир аура десемби, тартылуу күч кирди. Бул шыпаа табам деген адам үчүн эң жакшы көрүнүш го. Кезек күтүп отургандар болсо өзүңчө эле жүдөйсүңда. Ар бир клиент белгиленген убакыт саатта келип көнүшүптүр. Анан массаж алардын алдында суу ичип, массаж алгандан кийин да суу ичери ал жердеги таза суулардын коюлганынан билсе болот. Тазалык да жаман эмес. Ошентип кайсыл массажист болбосун гөмкөрөңдөн жаткырып аркаңды укалоодон ишин баштайт. Денедеги туз баскандан пайда болгон илдеттерден арылууда массаж гана табылгыс дары катары жардамга келерин  ким өз жон териси аркылуу сезбесин. Ошондон болсо керек укалоонун өнүккөн жолу дарылык касиети улам кеңейип, ансайын ачыкталып кулачын жайып баратышы. Денени укалоо дайыма эле кол күчү менен чектелет. Гуаша массажын алганда, бул аракет жетишсиз болуп жатканын сезгендей, мүйүздон жасалган массаждоочу жарак  кол күчүнө кошумча болуп, денени кырганда сөөккө жеткире укалагандай тасирлентип, кандайдыр серпилгич күч берип, казан-табакка жабышып алган эски тамактарды кыргыч менен кырып кетирген сыяктуу  ашыкча салмактан арылгансып, дене боюн жыйрылып, ылдый тарткан жүктон женилдеп калгансыйсын.

 Мунун сырын массаждын өзгөчөлөнгөн сырын Гуаша деп аталган массажды алгандар билет дебедимби. Денени бир тарапка кырып жаткан төрт бурчтуу алакандай  кыргыч, ыйык  мүйүздөн аспеттелип жасалган. Ыйык дегеним, жаныбардын мүйүзү, дарылык сыры баары эске алынган болуш керек. Болбосо  тєрт бурчтуу таш же жыгач менен денени сүрүп көрчү. Шыпаа берерин мындай коелу,  күлгө чапкан тери сымал болуп канжалап калбайбы. Ал качан кетет белгисиз. Ал эми тиги буйвол мүйүзунөн пайда болгон массаждын кызыл-тазыл сызыктары  бир күндөн кийин өз изин жоготуп, денеге сиўипби  айтор кайра укалоого даяр болуп жатпайбы. Бир жеринди чийдирип же койдуруп көгөртүп алсан анын бир күндө эле кетип каларын салыштырып көр. Мына ушундай жөнөкөй жалпак тил менен айткандагы сырдуу массаж Гуашада катылган.

       Албетте массаждын ачылбаган сырлары көп. Ал сырларды массаж алып жаткан эркекпи, аялбы өз денеси аркылуу, ой туюмунда бышыктайт эмеспи. Эмнеге массаж дегенде эле укалоо иши аркаңдан башталат деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Бутуңдан же ичиңден, башыңдан эмес.  Организмде пайда болгон зыяндуу заттар дене түзүлүштүн арка жагында жайгашканын адеп билбейт болчум чынында. Дем алуу,  тамак сиңирүү жана гинекологиялык деген үч система менен денедеги жаман заттарды өткөрүүчү каналдар аркылуу тазаланарын айтат массаж жасап жаткан  айым. Аты-жөнү Динара Акматова экен. Ал каналдардын сырын кытай адистери Гуаша массажындагы   “Ци” энергиясы деп аташарын, адамда оң энергия же терс энергия деген болорун, азыр эл жакшы эле түшүнүп калды. Демек  жаман энергия бул калдык тамак аш сыяктуу шлактардын пайда болгон жери. Ал эми “ци” деген  организм күч-кубат ала турган  жердин энергиясы . Мындай айтканда гуаша укалоосу ошол “ци” энергиясы өтө турган каналдарды ар кандай зыяндардан тазалайт. Ал тазалоо же кыруу дейли бул массаж жүрөк кан тамыр оорусун, жүрөктүн  начар же катуу согушун, инсулттан кийинки абалды жайгаруу, аялдардын гинекологиялык оорусуна да пайдалуу таасирин берип, адамдын иммунитетин көтөрүүчү кучкө ээ экенин Кытай адистери расмий медицина менен тастыктаган соң Гуаша массажы  дуйнөгө тездик менен тараганы ушундан.

     Ар бир элде мурдатан сакталып, ачыкталып, колдонулуп, пайда зыяны турмушта калпып чыккан салттуу жөрөлгөлөрдү да дыкат кармап калгандар, элге берем деп  аракет кылгандардын баарынын эле колунан келе бербейт.  Анынсыңарындай Кытайдан тамыр алган бул Гуаша укалоосу келип, келип  этти катыра жеген, эки күн эт жебесе оозунан кара суу келген, семиздикке көнүп алган кыргыздардын  турпатына жараша массаж жасоо  чоң күчтү талап кылары айтпаса да түшүнүктүү. Анысы аз келгенсип, ден соолуктуу анан барып  дене бойду келишимдүү кармоо, бетти да укалоо аркылуу сулуу болуп жүрүү Гуаша массажынын сырына катылган. Албетте көңүлү куунак, ары бакубаттуу өмүр сүрүүнү каалагандар көп. Тескерисинче оорукчан коомдо жашагандар оорукчан болуп калат окшойт ким билсин. Себеби  бакубаттуу жашоо учүн бакубаттуу айлык акың керек,  өп-чап жашоо кендирди кескен базар экономикасы кирип келгенден арзанга ыктап калган заманда жашап калбадыкпы. Дарынын да арзанын издеп, тамактын болсо да арзанын жеп, баары арзан болсо деп калдык. Арзандын тузу татыбайт демекчи  татыбай калса да көнүүгө айла жок.

        Ден соолуктуу адамдын өң келбетинен эле көрүнүп турат. Акча же байлык, болбосо кымбат баалуу киремдер ар убакта адамды бактылуу кылалбайт дечи. Анын бактысы ден соолугунда, куунак өмүр кечирүүсү менен байланышат. Ошого тете жашоо баркын, өмүр баркын үнөмдөп болсо да өзүн бой сымбатынан ажырабай, келбеттүү жүргөн адамдардан сурасаң, массаждын таасири чоң экенин айтышат. Чынында укалоо учурунда чала жан нерсе жанга кирип, тирилип бараткансып, дене рахатын сезүүң башталат. Дарыны адашып ичсен ашказаның же бир башка  бооруңбу, өтүңбү жабыркап калышы мүмкүн. Ал эми денени укалатууда эч зыян таппайсың. Муну бардык эле адам билет. Денени укалоо, болгондо да пайдалуусун, маңызын чаккан адистердин көрсөткөн кызматы  кымбат баалуу кийимди кечип массаж акысына канча болсо төлөп баргын келет. Анткени, бакубаттуу жана сергек жашоого пайдасы болсо болот зыяны болбойт деп ишенимдүү айтса болот.  Салыштырып айталычы  сыркоолу адамга ийне сайуу  “алтын ийне” деп коюшчу,баары эле нерв үчүн пайда күткон точкага түшө бербеши толук ыктымал. Ийне деле божомолдуу точкага сайылат. Бирок, массаждап жатканда бир жагынан дене ысып кан жүгүрүү пайда болсо, экинчи жагынан кєзгє көрүнбөгөн  нервдерди жандандыруу же күчкө келтирүү сыяктуу сыйкырдуу касиетти денесин укалатып аткан ар бир жан сезбей койбойт.

“Кайсыл жериң ооруса жаның ошол жерде” деп коет эмеспи. Жүрөк кан тамырынын оорушу, омуртка белдин кыйшаюусу, далынын жабышып калуусу, өттү, бөйрөктү туз басуунун кесепетинен колу бутту тушап койгонго барабар сыркоо жаратарын  расмий медицина гана эмес бул күнү ар бир адам беш салаасындай билет. Ал туздан диета кармоо же укалоо жолу менен гана арылуу керек экени азыр кадыресе ынанымдуу көрүнүш . Көнүгүү,  массаж аркылуу туздан арылуу, суунун жетишсиздиги алып келген оору, медицина илиминде аныкталгандан массаждын денеге укалоо аркылуу айыктыруу сырын, ден соолукка себеп болуучу бир шарт экенин ким тана алат.

      Ден соолуктуу эли бар мамлекет бакубаттуу күчтүү мамлекет делет илгертен. Бакубаттуу эл, билимдүү эл  бакубаттуу мамлекетти  кура алат. Андыктан  бир сулуу аял кетип баратса ошол көчө да сулуу көрүнот. Демек сулуу болуу, ден соолуктуу болуу жашоонун күзгүсү болуп  күндөлүк жашоонун кан тамыры сыяктуу согуп турат. Бул ар бирибиздин сезимибизди ойготуучу же курчутуучу күчкө ээ экенин унутпашыбыз керек. Сулуулук бетке батмайды агартып сүйкөп алуу  эмес, анын сулуулугу ички ден соолугунан башталат. Башкага билинбеген ар бир адамдын ички сыйкырдуу туюму бар дегендей  эле, айрым бир адамдардын алаканында оту бар. Аны биз ысык энергиясы бар экен деп ошол энергия да шыпаа берүүчү сырга кирет. Бул сыр ушул Гуаша массажын өздөштүрүп элге берип жаткан Динара айымдан укалоосун алгандар билет. Ал билгени шыпаа тапканы. Оорубай калганы. Күч, энергия алып, жай уктап, өзүн мурдакыдан жакшы сезип калганы десек болот. Бүгүнкү алган Гуаша массаждын жыйынтыгын эртеси көрөм деген терең жанылыштык деп ойлойм. Себеби канча жашка чыксаң ошончо жыл ичинде топтолгон  сырткы ички каралыктан, (терс энергия) арам эттен , арам ойдон  арылган адам тазаланган болот дейли,  көчүп кеткен эски тамдын ордун деле заматта тазалап көрктүү кылалбагандай кеп да. Бүгүнкү жаның ырахат алган массаждын натыйжасы өз күчүн көрсөтпөй койбойт деген ишенимде болгону  жакшы. Анан да карылыктын алдын алган болосуң. Жаман оорудан арылып жаңы күч жаңы кубат алып дегендей  күтпөгөн оору сыркоонун алдын алган пайданы сөзсүз эске алуу шарт. Мындай айтканда Гуаша массажы илимий же медицина тили  менен айтканда 400 дарттын пайда болушун алдын алса, ошончо дарттын сакайышына салым кошот. Ал эми ошого тете 15 жашка же ошончо жылга жашартары бар. Ал үчүн бир кызыкчылыкта  “реклама” же акча табуу кызыкчылыгы бар деген пендечилик ой менен айырбаштабаш керек. Ар бир адамдын өзүн сүйөө билүүсү, организмин, ден соолугу үчүн кам көрүүнү, өзүнүн жан дүйнөсүн өзү окуп түшунүүсү, чогулуп келип  Гуаша массажын аны жасап жаткан адистин ой пикирин, кеңешин аң сезимдүү кабыл алуусуна байланыштуу. Себеби бир саат бою коротулган убакта алган массаж 35 километрге  жүгүрүп басканга барабар экен. Демек шартка жараша көнүгүүнү массаж менен алмаштырса болот. Себеби буту-колду же белди кокустатып кыймыл-аракет жасаганга мүмкүн болбой калган ыңгайсыз жагдайды айтып жатам. Анан дагы буйвол мүйүздөн жасалган  калакча менен бир жолу укалоо алуу, башка  жасалган массаждын он жолкусуна барабар экенин озүңдүн абал сезүүң деле билдирип турат. Чарчаңкы тартып, уйкуң келгени бул алгачкы массажда эле байкалат. Айтмакчы буйволдун мүйүзүнөн жасалган калакчаны башка менен алмаштырууга неге болбосун деген суроо туулушу мүмкүн .  Мүйүз деген мүйүз да кайберен жандыктын башында бийик көтөрүп турган башта жайгашып турганы ары таза энергия менен азыктанары эсепке алынганын ырастайт массажист айым. Массаждан улам кан айлануу жакшырганын эсепке албаганда, эски калдыктар, шлактардан тазалануу иммунитет көторүлүп кандай гана жаман абалды жеңип чыгууга куч байлаганын сезимтал жан сезет. 

Гуаша массажынын таасирин  билгиси келгендер көп экени талашсыз. Ал үчүн бул багытта каалоочуларды чогултуп окутуу же адис кылып чыгарууга Динара айымдын дарамети жана сертификаты бар. Ал кытай адистеринен татыктуу  таалим алган Кыргызстандагы жалгыз адис азырынча. Ошондуктан элге жайылтуу да кошумча күч, өзүндөй адистердин өсүп чыгуусуна тилектеш. Андыктан  чөнтөк телефону аркылуу  кезек убактысына жазылып, массаждын пайдасы тууралуу байланышып баарлашууга  болот. Эмне дейт элем ден соолуктун күзгүсү сулуулук демекчи, сулуулуктун сыры ден соолук дегендей Гуаша массажына ээринбей келип көргөндөр, пайдалуу жерге келгенине жаңылбайт.

Байланыш телефондор: 0778 01 27 33  жана 0554  03 38 88

                                                        Ж. Темирбаева, журналист

Количество просмотров: 325