• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Губернатор менен мэр Жалал-Абадда мончонун лентасын кесишти

11 Бештин айы 2019 19:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аткаминерлери Жалал-Абад шаарында менчик мончонун ачылышына катышты. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу жазып чыкты.

Ачылыш аземине Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана шаар мэри Мураталы Тагаев катышты. Мындан тышкары жергиликтүү кеңештин депутаттары дагы болгон.

Маалыматтарга ылайык, кызыл тасма кескен Кыянбек Сатыбалдиев жана Мураталы Тагаев жашоочулардын алдында сөз сүйлөп, андан соң мончонун ичин кыдырышкан. 

“Чиновниктер төрт кабаттуу мончону көрүп чыккан соң, жогорку баасын беришти”,- деп жазат Жалал-Абаддын жашоочусу.

Булак: Элдик Медиа

Количество просмотров: 559