• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Губернатор менен ойногон шакабачы (видео)

17 Чын куран 2018 19:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө өзүн президенттик аппарат жетекчилеринин биримин деп тааныштырып, телефон чалган шакабачы кармалды. Бул маалыматты УКМКнын  басма сөз кызматы билдирди.

«34 жаштагы Э.Д. аттуу жаран 12-апрель күнү Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын директоруна телефон чалып, коркуткан. Ал бийлик өкүлүнүн атын жамынып, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун каражаттарын ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгон башкармалыктын мурдагы директорунун орун басарын кайрадан өз ордуна алып келүүнү талап кылган«, — дейт басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 19