• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Гуглдан» окудуңбу? Айжигитов экономика министрлигинин өкүлүн урушуп, агынан жарылды

19 Кулжа 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет жыйынында эл өкүлү Султанбай Айжигитов экономика министрлигинин орун басарын сынга алды.

«Демпингге каршы алым деген эмне? Кандай учурларда пайдаланылат жана максаты эмне? Ушуну мага ким айтып бере алат? Каржы министрлиги же экономика министрлиги ким айтып берет?»,-деди депутат.

Экномика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов бул суроого толук жооп бере албай турганын айтты.

Айжигитов суроо студенттердин деңгээлинде экендигин белгилеп, төмөндөгүлөрдү кошумчалады.

«Бул терминди ар бир 3-курстун студенти билиши керек. А сен министирликте отуруп, экономикалык саясат жасайсың. Мына деңгээли! Анан таң калабыз, башаламандык… Булар жөнөкөй нерселерди билбейт», — деди Айжигитов.

Количество просмотров: 102