• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Гульнара Каримованын биринчи жолдошу Coca-Cola Bottlers Uzbekistan компаниясынын акцияларын сотко берет

8 Бугу 201912:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

Компания ROZ Group жана Максудинин үй-бүлөсү Өзбекистандын өкмөтүн сынга алды. Анткени, алар чет элдик инвесторлорго өзбек-америкалык биргелешкен The Coca-Cola Bottlers Uzbekistan LTD компаниянын мамлекеттик улушун сатып алууну сунушташкан.

Бир туугандар Фарид жана Мансур Максудилердин айтымында, алар бул компаниянын 55 пайыз акциясына ээлик кылышат. Өкмөттүн мындай кадамы өлкөгө келген дагы башка да инвесторлорго юридикалык көркунуч алып келет. Биз бул маселени америкалык жана эл аралык соттордун алдына көтөруп чыгабыз. Ким сатса да, ким сатып алса да алар “Магнитский актысы” жана “АКШнын чет элдеги коррупия менен күрөшүү” мыйзамы алдында жооп берет-дешет бир туугандар.

Айта кетсек, бул биргелешкен компания 1993-жылы Өзбекистандан чыккан Америкалык бизнесмен Мансур Максуди жана анын үй-бүлөсү тарабынан түптөлгөн. Ага чейин 1991-жылы Мансур Максуди Ислам Каримовдун тун кызы Гулнара Каримова менен баш кошуп, 2 уулдуу болушкан.

Аталган компания өлкөдө 2 миң адамды иш менен камсыз кылып, 20 миң адам тартылган. Ташкенттеги ири заводду курууга бир туугандар 50 миллион доллар жумшаганы айтылууда

Количество просмотров: 18