• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Гульнура Аракеева: «Кыйын» мага дем-күч берди

19 Бугу 202519:14 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Гульнура Аракеева. Нарындан келген айымыбыз коомдук ишмер, юрист, экономист жана медиатор. Ал жөнөкөй жарандарга акысыз юридикалык кеңештерди берүү менен алек болууда.

Аракеева «Кыйын» ага дем-күч бергенин айтты.

«Ушул жашка келип үстүртөдөн билип жургөн нерселерим боюнча терең билим алдым. Бул үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык. Биз өзүбүзгө баа бербей, өзүбүз ким экенибизди баамдабай жүрүптүрбүз, муну бул долбоордон түшүндүм», — дейт ал.

Количество просмотров: 440