• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү боюнча ушак тараткандар кармалууда

29 Теке 2019 15:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

25-июлдан тартып, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү жана ден- соолугунун начарлашы тууралуу  ушак тараткандар  кармала баштады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Лебап облусунда үч адам кармалып, алар өлкөнүн туруктуулугун бузууга аракет кылды деп айыпталууда.

Эске салсак, буга чейин 21-июлда Евразия көйгөйлөрүн иликтөө борборунун директору Аслан Губаевдин Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгонду тураалуу  маалыматты билдиргенин бир катар маалымат булактары жазган. 15-июлда анын басма сөз кызматы президент эмгек өргүүсүндө экенин билдирип, мамлекет башчынын неберелери менен ойноп жатканы тартылган видеону тараткан.

Количество просмотров: 30