• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Халилова: Мектептерде кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкум келет

11 Бештин айы 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири 42 жаштагы Турдугүл Халилова, ал Баткен облусунун Баткен шаарынан келген.

«Баткен мамлекеттик университетинин окутуучусу болуп эмгектенем. Педагогика илимдеринин кандидатымын. Келечекте тил маселесин көтөрүп чыгып ошол багытта иш алып баруу максатым бар. Ал эми бул тренингден мен кызыкканым оратордук чеберчиликке үйрөнгүм келет», — деди ал.

Количество просмотров: 101