«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы Ак илбирсти камера капкандарына тартып алган.
Жабдыктар «Илбирс» фонду тарабынан «Сүт эмүүчүлөрдүн Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу» (AMIC) долбоорунун алкагында берилген.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.