Жалал-Абадда «Хизб-ут Тахрир» уюмунун лидерлери катары эсептелген эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экстремисттик уюмдун Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган тургуну «Солдат» каймана аты менен таанымал Д.А. кармалган. Мындан тышкары уюмдун Сузак районундагы лидери, 1954-жылы туулган И.И. колго түшкөн.
«Кармалган адамдар өздөрү жашаган аймакка «Хизб-ут Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтуу үчүн диний окууларды уюштурган, социалдык тармактарда фейк-аккаунттарды ачып, уюмдун атрибуттарын, аудио, видео материалдарын таратып жүрүшкөн»,-деп айтылат маалыматта.
Айтылган фактылар боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөн.