• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Асанбай» паркында жардыруучу зат колдонгон жаран кармалды

4 Бештин айы 202013:37 Бишкек Govori.TV


«Асанбай» паркында жардыруучу зат колдонгон жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 2-декабрда борбор калаадагы «Асанбай» сейил багына белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат ыргытып жиберди деген маалымат келип түшкөн. Кайгуул милициясы жерине барганда чындыгында жарылуучу зат жарылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча милиция издөө иштерин жүргүзүп, 31 жаштагы жаран кармалган. Шектүү Октябрь райондук милициясына жеткирилген. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 141