• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто Жапаровго Зулушевдин өкүл баласы аким болгонун айтып, нааразы болушту

3 Жетинин айы 2020 17:40 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуп жатканда «Өзгөн районунан келдим» деген аял башкы прокурор Курманбек Зулушевдин өкүл баласы районго аким болгонун айтып нааразы болду.

«Мен Өзгөн районунан келдим, Өзгөн менен Советтин акими тааныштар аркылуу эле алмаштырылды. Өзгөн районунда Зулушевдин өкүл баласы аким болду. Ушуга көз кырыңды салып койсоң», — деди суроо бергендердин бири.

Ал эми Садыр Жапаров учурда өлкө боюнча алмашып жаткан кадрлар убактылуу экенин айтып, конституциялык реформалардан кийин кадрлар кылдат каралып тандаларын айтты.

Эске салсак, 21-октябрда Өзгөн районунун акими болуп Руслан Мейматкулов дайындалган.

Количество просмотров: 147