Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районундагы Троицкий көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 18:53төн тарта жалпы 3 күжүрмөн топ тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан жайды курчашып, бир сааттан кийин ал жер толук өчүрүлгөн.
Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн 140 чарчы метри, 60 чарчы метр сарай жана 1 жеңил унаа күйгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.