Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Ибраев Таалайбек Өмүкеевич Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Таалайбек Ибраевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулганы маалымдалган.