• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ибраев: Уранды иштетүүгө жалпы сегиз лицензия берилген

7 Бугу 201911:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Төртөө уранды чалгындоого, төрт лицензия долбоорлоо иштерине берилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Карыбек Ибраев парламенттеги коомдук талкууда билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда урандын ири кени жок, негизинен майда жана эки орточо көлөмдөгүсү бар. Алар — Кызыл-Омполдогу жана Сары-Жаздагы.

Ибраевдин берген маалыматына караганда, ушул тапта уранды чалгындап, казып, иштетүүгө жалпы сегиз лицензия берилген.

«Таза уран боюнча сегиз гана лицензия берилген. Алар дагы чалгындоого жана издөөгө гана. Төрт лицензия иш жүргүзүүгө берилсе, төртөө долбоорлоого. Сары-Жаздагы Бүркүт уран кенин чалгындоо боюнча лицензия 2007-жылы берилген. «Миа» компаниясына таандык, негиздөөчүсү кыргызстандык ишкерлер. Алар бул аралыкта 1,65 млн сом салык төлөшкөн. Камышановка аймагындагы уран кенин чалгындоону америкалык «Интернешнл майнинг компани» алган. 900 тонна уран бардыгы чалгындоодо аныкталган. Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого лицензияны «ЮрАзия» ишканасы алганын билесиздер. Таш-Булак кенинде 3,5 миң тонна уран, 8 миң тонна торий бар экенин аныктаган. Негиздөөчүлөрү канадалык (70%) жана кыргызстандык ишкерлер (30%). Арам-Суудагы уран кенин долбоорлоого гана лицензия берилген. Бул жана Отор уран кенин да долбоорлоого «Минерал эксплорер» ЖЧКсы уруксат алган»,- деди ал.

Ибраевдин айтуусунда, мындан тышкары дагы тогуз лицензия уран кошумча кен катары эсептелүүчү кендерди иштетүүгө берилген. Алар Таластагы Боз-Тектир, Баткендеги Каргыш кени, Чаткалдагы Кара-Сай, Алайда, Токтогулда жана башка жактардагы алтын, күмүш, цинк, жез казылып алынуучу кендерде жайгашкан.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук угууда талкууланып жатат.


Количество просмотров: 17