• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ибрагим Жунусов менен Алиясбек Алымкулов дипломатиялык ранг алышты

12 Жетинин айы 2019 11:50 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы берилди:

— Жунусов Ибрагим Коджоназаровичке — Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси. 

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси дипломатиялык рангы берилди:

— Ниязалиев Нуран Садыровичке — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басарына;

— Алымкулов Алиясбек Толбашиевичке — Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:

— Абдыжапарова Бүбүйра Самыйбековна — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси;

— Макеев Толенды Картанбаевич — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору;

— Тохтоходжаев Анвар Розамович — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси;

Сыйлыктар «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыгынын жыйынтыктары жана келечеги» форумунда тапшырылды.

Количество просмотров: 438