Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.
Жетекчилик стажы жетпейт деген негизде Ибраим Нуракун уулунун талапкерлиги алынып калуусу мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу
Ибраим Нуракун уулу фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын маалыматына ылайык, резьюме менен эмгек китепчесиндеги маалыматтар дал келбей жаткан.
«Урматтууларым, менин жетекчилик стажым эмгек китепчемде жазылганы эле 12 жылдан ашат экен. 5 жылы “Заман” гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштепмин. 4 жыл Би-Би-Сиде продюсер, башкы редактор болуптурмун. 3 жыл Жогорку Кеңеште Басма сөз кызматын жетектеп атам. Буга байланыштуу тиешелүү документтер бар. Андан тышкары эмгек китепчеме жазылбай калган 2 жыл жетекчилик тажрыйбам дал ушул КТРКда өткөн»,-деген талапкер.
Эске салсак, КТРКнын башкы директорлук ордуна сынак жарыяланып, ага 22 адам арыз берген. Коомдук каналдын жетекчиси 4 жылда бир дайындалат. Азыркы жетекчи Илим Карыпбеков да кайрадан бул кызматка ат салышууда.