• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ички дүң продукцияны 30 млрд. долларга жеткирүү болжонууда

3 Тогуздун айы 202415:42 Бишкек Govori.TV


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аймактарга ылайыкталган чакан кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ар бир районго ачуу боюнча акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына, айыл өкмөт жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө бир ишкер 3 пенсионерди багып жатат. Биз ишкерлерди көбөйтүшүбүз керек. Бир ишкер 1 пенсионерди бага тургандай болушу шарт. Ал үчүн ишкерлерди колдоп, орто, чакан кайра иштетүүчү өнөр жайларын көбөйтүп, аймактардын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу милдет. Алдыда 2030-жылга ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал ийгиликке сиздердин аракетиңиздер менен бирге жетебиз», – деп билдирди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун базасында демонстрациялык борбор ачылып, ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарда чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдары көрсөтүлүп жатат.

Демонстрациялык борборда жүндү, терини, сафлорду кайра иштетүүчү айыл чарба багытындагы өндүрүш жабдуулары, саан аппараттары, мобилдүү тоокканалар көрсөтүлүүдө. Ушул чакан өндүрүштү ким ачам десе, райондук фонддун деңгээлинен баштап, агроөнөр жай комплексин насыялоо, банктарга дейре бекер даяр долбоолорду жазып берүү, кайсы жердеги каржы булактарынан каражат алса болору боюнча бардык шарттар каралган.

Количество просмотров: 90