Оштун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн башчысы кармалган. Бул тууралуу Kaktus. media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянуу менен жазды.
Нөөмөт бөлүмдүн башчысы пара алууга шектелип жатат. Ал 150 миң сомду өзү ала турган учурда УКМК кызматкерлеринин колуна түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, пара алууга шектелип жаткан жетекчи тергөөгө алынып жаткан шектүүнү убактылуу абак жайынан тергөө абагына которбоо үчүн акча талап кылган.
Шектүү Ош облусунун УКМК бөлүмүнүн абак жайына камакка алынды.