Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июнь айларында негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 560 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1%га өскөн.
Кошумчалангандай өсүш товарларды өндүрүүнүн – 28,8%га, кызмат көрсөтүүнүн – 51,7%га, салыктык түшүүлөрдүн – 19,5%га өскөндүгүнө негизделген.