• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Ихсандын” жетекчиси 12 жылга эркинен ажыратылды

16 Бирдин айы 2024 18:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыкты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирди.

Кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды.

“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жаз айларында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан. Ошол маалда ИИМ билдирүү таратып кооперативге 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке аталган кодекстин 210-беренеси – “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” айыбы кошулган.

«Ихсандын» Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

Количество просмотров: 196